Кыргыз жашоосун утурлай. Биздин окуяларга болгон көз карашыбыз

ЖАРДЫ ЭЛДИН МАЙРАМЫ КӨП

0 12

Майрам дегенди биз эле кыргыздар эмес, бүткүл адамзат жакшы көрөт. Тээ алмустактан бери эле адамдар өзүнчө бир күндөрдү белгилеп, ал күнү эс алып,оюн-зоок уюштуруп, дасторконго болгон нерсенин баарын коюп, шаң-шөкөт менен өткөрүшкөн. Илгерки майрамдардын көпчүлүгү диний, ишеним майрамдары эле. Же болбосо асман телолорунун кыймылына жараша коюлган бир белгилүү күндөр болчу. Жаңы заманда майрамдын түрү көбөйүп, кайсыл бир тарыхий окуяларга да жараша кошумча майрамдар пайда болду. Майрам деген го жакшы деңизчи, а бирок күндө эле майрам кыла берүү бир тарабы ысырапкерчилик болсо, экинчи тарабы бирдиктүү идеологиянын жоктугун айгинелейт. Өлкөбүздөгү майрамдарга көз чаптырып, алардын тарыхына , маанисине көңүлүңүздөрдү бурууну туура көрүп турам. Анда чу дегенде эле:


1.январь-Жаңы жыл майрамы. Жаңы жыл көпчүлүк тарабынан христиан майрамы деп айтылган менен, мунун тарыхы Иса алейхи саламдан да мурунку доорго такалат. Тээ илгерки отпарас коомдордун курбанчылык кылуу майрамы. Кыштын ызгаарын оңой чыгуу үчүн токойдогу кудайчаларына “курмандык” катарында сулуу кыздарын беришкен. Токойдогу канкор аксакал кийин Аяз атага, ал эми курмандык болгон кыз болсо Аяз кызга айланган. Кыргыздар негизи суук мезгилде майрам тоскон эмес. Жадагалса “суук” сөзү көпчүлүк учурда негативтүү терс маани берген: суук кабар, муздап калды, өңү суук,түрү суук ,жүрөгү муздак ж.б.у.с. Совет заманынын 50. жылдарынан кийин эле чыккан бул майрам кеңири таркап, көпчүлүк үчүн эң маанилүү майрамга айланган. Орустарга теңелип алгач биз да 10 күндөп майрамдап жүрдүк. Аз келгенсин эски юлиан жылсанагына жараша 13 январь күнү Эски жаңы жыл майрамдалып келген. Бирок жылдан жылга бул майрамдын актуалдуулугу азайып, майрамдагандардын саны аз. Орточо статистикага ылайык адамдар бир жумалык майрам үчүн жылдык үй бүлөлүк бюджетинин 10-15 % жумшайт. Кытайдын экономикасына кошкон салымдан башка, кылмыштуулук кескин түрдө өсүп, медицина,өрт өчүрүү, өзгөчө кырдаалдар жана милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштейт. Ансыз да жыргатпаган экономикабыз, жумалап иштебей жаткандыгынан мамлекеттик казынага миллиарддаган сом акча түшпөй калат. Майрам акырындык менен тизмеден алынып, эч болбосо 2 январдан кайра жумушка чыга тургандай болуш керек деп үндөйм. Жөнөкөй эле жылдын алмашуусун майрамдоо менимче күлкүлүү. Болбосо жаңы айды, жаңы күндү, жаңы сааты да күтүп алуу логикалуу болмок.

жаңы жыл майрамынан соң


7.январь-Рождество майрамы. Көпчүлүк майрамдар адамзаттын илгертен асман телолоруна болгон кызыгуусунан, алардын аракетине жараша белгилүү бир мыйзам ченемдүүлүк бар экендигин билгендигинен чыккан. Мисалы 20(21) март жана 22(23) сентябрь күндөрү күн менен түндүн теңелүүсү орун алат. 22 июнь күнү күн эң узак болуп, 22 декабрда болсо эң узун түн деп аталат. Мурунку доорлордо түндүн эң кыска бөлүгү өзгөчө белгиленген. Кыргыздарда да ушул күндөрдөн кышкы 40 күндүк чилденин башталышы күтүлгөн. Ал эми 22 июндан жайкы 40 күндүк саратан(асад) башталган. Иса пайгамбардын туулгандыгы жөнүндө Куран кабарлап жатып, курма дарагынын мөмөсү эскерилет. Кыштын ызгарлуу күндөрүндө кайсыл курма бышсын? Демек рим жана грек элдеринин эски көп кудайлык ишенимдеринин таасиринен улам, Иса пайгамбардын туулган күнү Юлий Цезардын жыл санагына ылайык 25 декабрь, ал эми григориан жыл санагы аркылуу 14 күнгө жылып, 7 январь деп ката кабыл алынып калынган. Негизи христианчылыкка ылайык деле Иса пайгамбар башка пайгамбарлардай эле : “Менин туулган күнүмдү белгилегиле” деген эмес. Эгер кыргыз коомчулугунда 5-10 % жетпеген христианчылыкка таандык 7 январь кызыл күн болуп, майрамдалса, анда адилеттүүлүк үчүн 80-85 % түзгөн мусулмандардын пайгамбары Мухаммадтын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) туулган күнү белгилениши керек эле. Иса пайгамбардын туулган күнүн бир гана христиан эмес, көрүнгөн мусулман да билет, ал эми өзүнүн пайгамбарынын туулган күнүн билеби? Азы гана. Бул сөз менен биз да 22 апрелди майрамдайлы дегенден алысмын, пайгамбарыбызга болгон урмат аны концерт коюп майрамдоо менен эмес, анын өмүр баянын окуп, анын кулк-мүнөзүнө ээ болуп, колдон келсе кабырын зыярат кылуу менен чектелүүсү зарыл.


23.февраль-Ата мекенди коргоочулардын күнү. Советтер Союзунун куралдуу күчтөрүнүн түптөлүү күнү катары Ленин аксакал убагынан бери майрамдалып келет. Негизинен бул Орус империясынын биринчи дүйнөлүк согушта Германиянын алдында толук капитуляция болгон күнү деп да айтылат. Эски 15 республиканын ичинен орустардан башка жалгыз Беларусь, коңшу Тажикстан жана бизде гана кызыл менен белгиленип,майрамдалат. Жумурай журт эркектердин майрамы деп атап алган бул майрам негизи Советтер союзунун кулашы менен өз актуалдуулугун жоготкон. Кыргыз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүнүн күнү 29 май экендигин көбү биле бербесе керек. Эл катары Кеңештин кулаганынан кийин бул майрам статусунан чыгып, бирок кайра 2003 жылы кызыл дата болуп калган. Аскерлерибиздин саны 10 000 ашпай жаткан чакта жана өз куралдуу күчтөрүбүз майдын 29. түптөлгөнүн эске алып, бул майрамды жоюу демилгесин ортого таштайм. Каалагандар майрамдай берсин, бирок кызыл менен белгилеп, экономикага зыян берүүнүн кажети жок. Болбосо аскерлерге караганда көпчүлүк болгон медициналык кызматкерлер, педагогтор, милиция кызматкерлеринин да кесиптик майрамын жалпы элге майрам кылуу орундуу болмок.


8. март-эл аралык аялдар күнү. Негизи кыргыздарга да мусулмандарга бул майрам кереги деле жок деп билем. Анткени динибиз аялдын укугун 14 кылым мурун эле эркекке теңеп, жадагалса ата-энеси менен балдарынын бейиш кепилдиги даражасына көтөргөн. Кыргыздарда да башка улуттардан айырмаланып кыз балага илгертен эле жакшы мамиле кылып, урмат-сый көрсөтүлгөн. Батыш өлкөлөрүндө аялдардын шайлоо укугун алганына эми гана 40-50 жыл болду. Бул майрам эки жөөт аялы Клара Цеткин жана Роза Люксембург тарабынан демилгеленген. Акыркы жылдары бул майрамдын шылтоосу менен өлкөбүздө феминистер жана башка бузуку бирикмелер өз жүрүштөрүн уюштуруп жүрөт. Аялзаты бир гана күнү эскерилип, ошол күнү гана урматталбай, жылдын 365 күнүндө сыйга татыктуу деп билем. Аялдар күнү деген менен майрамдап-тайраңдагандын баары эле кайра эркектер. Негизи социалдык өзгөчөлүгүнө жараша майрам белгилөөгө каршымын, эгерде аялдар күнү болсо, анда эркектер күнү да болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер жаштар күнү болсо, карылар күнү да болуш керек. Келиндер күнү, бойдоктор күнү, эжелер күнү, бажалар күнү…кыскасы 8 март күнүн коңшу Тажикстандагыдай энелер күнү деп өзгөртүүгө чакырам, болбосо кийинки жылы батыштын колунан жем жеген бейөкмөт уюмдар бул майрамды шылтоолоп чоң бир жүрүш уюштурбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.


21.март-Нооруз майрамы. Перс элдеринен келип, түбү күн менен түндүн теңелүүсүн белгилеген майрам. Перс жана түрк тилдүү элдерде кеңири майрамдалат. Совет заманында унутулуп, эгемендиктин алгачкы жылдары кайра майрамдала баштаган. Диний аалымдар тарабынан майрамдоого карата карама-каршы пикирлер бар. Бири арам десе, экинчиси майрамдаса болот дейт. Жеке менин пикиримде эгерде жөн гана жаздын келүүсүн белгилөө катарында, эч кандай отпарастык оюн-зоок, элементтери жок элдик майрам болуп кала берсе болот. Мисалы айылдарды эрте жазда “эл кудай, жан кудай, түлөө” өткөзүлөт, биздин айылда “дарвишана” деп да аталат. Ал күнү жандык союлуп, элдик оюндар ойнолот, улак тартылып, адамдар тоонун этегине чыгып майрамдашат. Эркектер менен аялдар өз-өзүнчө отурат. Элдин кем-карчысына керектелчү нерселердин алып берген айыл азаматтарына аксакалдар бата берет. Ушул жылкы пландар сүйлөшүлүп, кеңеш курулат, мазардын айланасы тазаланып, айыл башы же имам шайланат. Нооруздун элементи болуп калган сүмөлөктү эч бир ыйыкташтырбай эле, жөн гана лагман же максымдай эле кабыл алып, кадимки тамакка кылган мамилени кылсак маселе жоголот. Мен ботко кайнатып жатып, тиленген адамды көрө элекмин. Тилекти жалгыз Кудай кабыл кылат жана тилек Алладан гана суралат. Баарын арамга чыгара берүү менен ансыз да жүрөгүндө ыйманы үлпүлдөп тургандарды биротоло исламдан качырбоого чакырам. Бул күндү жаз майрамы катары кабыл алып, айлананы тазалап, жалпы республикалык ишембилик күнү деп да жарыяласа болчудай.

- оооооо -


7.апрель- ыңкылап күнү. Негизи кандуу күндөрдү эскерүү туура эмес деген жеке пикирим бар. Мисалы адам баласы өмүрүндөгү бактылуу күндөрдү эстеп, майрамдайт. Же кырсыкка кабылган, атасын жоготкон күнүн майрамдабаса керек. Балким Куран окуп, эстеп коюшу мүмкүн. Ошондой эле өлкөбүздү эки жолу 10 жылдан артка тарткан, жалпыга белгилүү болгондой эле сырткы күчтөрдүн таасиринен улам тутанган, чыныгы элдик мүдөөнү эмес, жеке арамкорлордун кызыкчылыгынан улам жаш уландардын каза болгонун майрамдоо-менимче шылдыңдоого барабар. 24 март менен 7 апрель күнү эмнени кыйраттык? Кайсыл эркиндикке жеттик, кайсы экономикалык тепкичке чыктык? Кайра эле мурункулар бийликте, болгону аты өзгөрдү. Каза болгондорду сооротуш үчүн алгач 24 мартты жоюп, кайра 7.апрелди майрам кылуу-бул упчу сымал иш аракет. Чыныгы 7 апрель курмандарын урматтаса бийлик коррупцияны жоюп, сот адилетсиздигин, экономикалык өсүштү камсыз кылыш керек. Бир күндү майрам кылып коюуга көп акылдын кереги жок.Майрамды эс алуу күндөрүнөн чыгарып, жөн гана эскерүү күнү деп жарыялоо туура го. Болбосо 24 март жана 17 март да майрам болууга толук укугу бар.


1. май- эмгек күнү. Өзү майрамдан бошобогон бизге бул жарашпаган майрам. Макул эми дүйнө жүзү эл аралык эмгек күнү деген соң, майрамдайбыз да айласыз. Жалгыз гана казак боордоштор бул күндү “Казак элинин биримдик күнү” деп өзгөртүп алышкан. Ал эми Тажикстан болсо 2016 жылы бул күндү майрамдардын тизмесинен алып салган. Май парадтары эски Совет бийлигинен калган тарыхий рудимент катары жергиликтүү коммунисттер тарабынан уюштурулат. Ансыз да окуучулардын окуу программасына карама каршы келген бул күндү тажиктер сымал майрам тизмесинен алып салууну сунуштайм.


5.май- баш мыйзам күнү. 1993 жылы легендарлуу парламент аркылуу кабыл алынып,бир топ жолу өзгөргөн баш мыйзам кайра-кайра кагып, кайра суурулган казыктай болуп калды. Эгер жашообуздун баары ушул мыйзам менен болгондо, бул биз үчүн эң маанилүү майрам болмок. Бирок кагаздагы мыйзам менен реалдуу турмуш окшошпой жаткандыгына байланыштуу, бул болгону ашыкча бир эс алуу күнү болуп жатат. 200 ашуун өлкөлөрдүн 15 гана конституция күнү бар экен. Алгачкы экономикалык өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесинде он бештин бири болсок унчукпайт болчумун, бирок андай болбогон соң, капа болбосоңор бул күндү майрам күнү катары калтырып, бирок эс алуу күндөрдүн катарынан чыгармакмын.

9.май- жеңиш күнү. Адамзат тарыхында 14 000 ашуун согуш болгон, демек 14 000 жеңиш күнү болгон, 365 күнгө бөлсөк 38 жеңиш майрамы туура келет. Ошол 14000 бирөөсү болгон жана 70 млн адамдын жанын алган бул кандуу согушту майрамдоо акылга туура келеби. Орустар 1812-1816 жылдагы Наполеонго каршы согуштагы жеңишинин 100 жылдыгын майрамдап, 1912 жылы Николай II акыркы калган ардагерди сыйлаган соң, майрам күндөрүнүн катарынан жок болгон. Эгер ушунчалык маанилүү болсо, анда эмнеге биринчи дүйнөлүк согуштун курмандарын да эскербейбиз? Же алар адам эмеспи? Согуштун өзүн көргөндөр арабызда саналуу гана болуп жаткан учурда, эски жараны тырмап кайра эскере берүү туурабы?! Жеңиш деген менен жеңген биз эмнеге жеттик да, жеңилген Германия менен Жапониянын абалын карап көрүңүз. Алар технологиялары менен сыймыктанып жатса, биз эски окуяларды майрамдоо менен убарабыз. Бул акмак ата-бабаларынын рухун сыйлабас дегенге шашпаңыз, анткени менин Мамасали уулу Жалил чоң атам 1940 жылы аскерге кетип, совет-фин согушуна катышып, андан соң Берлинге чейин жетип, демобилизация болгучакты 3 жыл Германияда жашап, 1948 жылы гана мекенине кайтып келген. Ырааматылык чоң атам тирүү болсо мени колдойт эле деп ишенем.Кийинки жылы 75 жылдыгын майрамдап туруп, эс алуу күндөрүнүн катарынан чыгарууну сунуштайм. Майрамдайм дегендер өз эсебинен, жумуштан кийин майрамдай берсин. Согуштун акыркы жылы 18-20 жышта болгон аскерлер, азыр 92-95 чыгып калбадыбы. Аларды ошол күнү миллион деген акчаны сарптап, пайдасыз аскердик парад менен сыйлоодон көрө, өмүрүнүн аягын бактылуу өткөзүүсүнө шарт түзүп берүү менимче туура болмок.

эгемендик күн майрам


31 август-эгемендик күнү. Бул күнгө ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою аракет кылып, канын да ,жанын да беришкен. Кээ бир диндар адамдар түшүнбөй калышы мүмкүн, таксыр эмне айнып жатат деп. Шариатта эки эле майрам бар эмеспи дегендер да чыгат. Бирок ушуну билгиле- ошол эгемендик болбосо диниңди да тутуна албайсың, ошол эки майрамың да майрамдалбайт. Эң чоң байлык-эгемендик, эркиндик, тынчтык. Демек бул майрам жалпы кыргызстандыктардын улутуна, динине ,жынысына карабастан майрамдала турган күнү. Албетте эгемендигибиз да салыштырмалуу , бирок бизден он эсе көп болгон күрттөр да,уйгурлар да мекенсиз, байраксыз, мамлекетсиз жашап жатат. Аз болсок да өз өлкөбүз бар, туугандар. Анын кадырын билели.


7-8.ноябрь- Октябрь революциясынын күнү. Бул майрам эски совет заманынан бизге ээнчиленип, жалгыз гана биздин өлкөдө жана Беларус өлкөсүндө белгиленет, кызыл күн катары кабыл алынган. Жадагалса революция орун алган Орусиянын өзүндө бул күн майрам эмес. Башка бир мамлекеттин ыңкылабын майрамдаган жалгыз эле биз окшойбуз, кыргыздар. Мисалы салыштырганда Францияда кыргыздардын 7 апрель күнүн майрамдагандай эле болуп жатат. Тезинен бул күндү эс алуу жана майрам күндөрүнүн тизмесинен алуу керек.

айт марйам


Эки айт майрамы. Бул күндөр жылда он күндөн жылып отуруп, жыл сайын ар кандай даталарда майрамдалат. Биздин өлкөдө жаңы жылдан кийин берилчү узак эс алуу күндөрүн боордош Түркиядагыдай кылып, айт күндөрүнө кошуп коюуну сунуштайт элем. Мисалы айылга барып, айттап келгенге кыргыз үчүн бир күн жетпейт, баары бир ишке келбей суранат. Андан көрө үч күн кылып койсо, тууган-уругу менен кеңири майрамдайт эле.

Кыскасы бизде эмне көп,майрам көп. 2018 жылы көчмөндөр оюндарын кошпогондо 105 мамлекеттик маараке өттү. Ар биринде миңдеген кызматкер иштен алагды болуп, даярданат, боз үй тигилет, жылкылар союлат. Демек үч күндө бирден эле той-маараке экен. Андан сырткары ишемби,жекшемби күндөрү эс алуу.Күздөгү аш-тойдун сезонунда бир айда 10-15 тойго барып, белчесинен карызга баткандарды айтпай эле койоюн. Жана мен түшүнбөгөн бир адат бар, эгер майрам күнү эс алуу күнгө туш келсе, кийинки күнү да эс алуу деп жарыяланат. Жумалап иштен калып, балдар окулбай калган учур бизде көп эле кездешет. Ансыз да 25 күн окуган май айында окуучулар узун каникулдан бошобой эле жыргап калышат. Украинада жакында эс алуу күндөрүнө туш болгон майрамдарды жылдыруу тажрыйбасына кескин түрдө өзгөртүү киргизип жатышат. Бир жылда эң азында 6-7 майрам эс алуу күнүнө туура келсе, демек ошончо күн дагы кошумча жок болуп жатат. Өлкө казынасына ар бир эс алуу күнүндө миллиардаган акча түшпөй калуусу бул улуттук трагедия болуш керек. Баланчанын 100 жылдыгы, түкүнчө райондук 125 жылдыгы дегендерге мораторий киргизүү керек. Ошого кеткен акчага бала-бакча, мектеп курушсун, жолдор оңдолсун. Дегеле жергиликтүү деңгээлдеги майрамдар жеке демөөрчүлөр тарабынан өткөзүлүшү керек деп ойлойм.


Сырттан келген коноктор , силерде африка урууларындай майрам эле көп экен дешет. Менмин деген АКШ, Европа өлкөлөрүндө да биздегидей санда майрам жок. Майрам болсо да, көбү кызыл эмес. Кадимкидей эле жумушка барып иштеп, кечке маал өз эсебинен майрамдай беришет. Бизде болсо кызыл даталардан башка, кесиптик майрамдар тим эле жайнайт. Медиктердин күнүндө дарыланганга же милиция күнү арыз жазганга шашпай эле коюш керек. Аларды ордунан таппайсыз, баары майрамда. Араң салыктан топтолгон акча майрамга эмес, өнүгүүгө жумшалууга тийиш. Жарды элдин майрамы көп экендигин жана майрамы көп эл –жарды болоорун унутпасак!
Урматым менен, Nuriet Abdulaziz

Пикирлер
Loading...