Кыргыз жашоосун утурлай. Биздин окуяларга болгон көз карашыбыз

ТАЖАТКАН ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГ

0 189

”Жаш улан-кыздарды жумушка чакырабыз” , ”Пенсионерлер үчүн жумуш”, “Айлыкка иштегенден тажадыңбы?” , “Жумуш бар!”, “Өзүбүз үйрөтөбүз”, “Өзүнө ишенгендерди издейбиз”, “Айлыкты унут”. Буга окшогон жарнамаларга мекендештерибиз көңүл деле бурбай калган, анткени аялдама менен электр карагайларынын бети көбүнчө мындай тажатма жарнамадан бошобойт.

Же байкуш “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери аларды тазалагандан, же ал жарнамаларды зээрикпей чаптагандар тажабайт.

Булар көзгө уруна берип, акыл эстүү адамдар эчак эле бул бир шылуундардын ыкмасы болгон тармактык маркетинг( сетевой маркетинг, multilevel marketing) экенин жакшы билишет. Бирок оңой акча табууга кызыгып, бул лохотронго курман болгондор да арбын.


Алгач тарыхынан сөз баштасак оң болот го. Өткөн кылымдын орто ченеминде Ли С. Митингер и Уильям С. Касселберри аттуу эки киши тарабынан алгачкы жолу тармактык маркетингтин усулдары колдонулган. Жалпы эл ичинде кеңири тарап, 50-жылдары American Way Corporation(Amway) атында ири компания ачылат. Бул тармакта эмгектенген ишканалар косметика, самын-сумун, электр жабдыктарын,биологиялык активдүү кошулмалар, дары-дармектерин сунуштай алышат. Бирок кадимки бизнестен болгон айырмачылыгы –негизги максаты товарды сатуудан пайда көрүү эмес, көбүнчөсү ортомчу сатуучулардын санын көбөйтүү аркылуу пайда көрүү болуп эсептелинет.

Баса АКШ, Кытай, Түштүк Корея,Сауд Аравияда тармактык бизнес менен алектенүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынган.
Өлкөбүз эгемендикке жетишүүсү менен бирге тармактык маркетингтин желесине түшкөндөр көбөйгөн. Жадагалса адам баласынын аң сезими өскөн XXI кылымда, кой терисин жамынган аферисттердин тузагына көп эле адамдар илинип калат. Өлкөбүздө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тармактык маркетинг ишканаларынын тизмеси (баарын аферист дегенден алысмын):

  • Сейф бизнес
  • Сибирское здоровье
  • Кыргыз оймолору
  • Amway
  • Faberlik
  • Avon
  • TIENS
  • Herbalife
  • Mary Kay
  • Oriflame
  • Vision
  • New Ways,
  • Vitamax
  • Kyani KG
  • Smart Rich
  • Алоэ вера
  • NL
  • Ipar BIO
  • Q-NET
  • Витамакс
  • Гринвей

Бат эле байып кетүүнүн убада кылган бул шылуундардын капканына көбүнчө жумушсуз адамдар түшүп калат. Түпкү иштөө механизми каржы пирамидасына абдан эле окшош. Бир аферист формалдуу бир ишкана ачат, анын продукциясы катары косметика, самын-сумун, дары-дармек болушу мүмкүн. Кызыгы алардын товарлары базардагы сатылган товардан эч кандай өзгөчөлүгү жок, болгону ынандыруу аркылуу сизге бул чөп тээ Тибеттин тоосунан , же бул минерал таш Марсттан алынып келгендигине ишендиришет.

- оооооо -

Сизге керексиз болгон товарды алгандай кийин, сизге стабилдүү акча түшөөрүн убада кылып, артыңыздан сизге окшогон “ишенчээктерди” жетелеп келүүңүздү сунуштайт. Алар да өз кезегинде керексиз товар алып, артынан жаңы “манкурттарды” тартуу менен убара болот.

Сиз алардан, сизден болсо маркетинг тепкичинде сизден өйдө турган киши пайда көрөт. Бирок пайданын каймагын пирамиданын башында турган, ишкананын формалдуу бир башчысы сүзүп алат. Керектүү сумма топтолгон соң, ал ортодон жок болуп, ылдыйкы тепкичтегилер бири-бири менен тытышып, соттошуп кала берет.

Торго илингендер бул бат эле акчалуу болуунун эң оңой жолу деп ишендирип, табиятта башка бирөө менен бөлүшкүсү келбеген адам психологиясына каршы болгон идеяны карманат. Башкалар да байып кетүүсүн каалайм деп айткан менен, өзүнчө эле өздөрү да өнүкпөшүн билишет. Жыргап эле байып жаткан адам, кантип акча булагын башкасы менен бөлүшсүн капиталисттик доордо?!


Азыркы тапта жумуш сунуштагандардын 90 % -тармактык маркетинг. Көпчүлүк бул атты укканда эле аллергиясы кармагандыгы үчүн, жарнамаларга “бухгалтер”, “офис-менеджер” , “офис кызматкери” деп эптеп чакырууга аракет кылат. Чакырылган жерге барсаңыз татынакай кыздар, тимеле узун тизме түзүп, алгач кыскача анкета толтурууңузду өтүнөт. Андан соң маектешүүгө чакырып, маалымат алган соң, сиз менен байланышабыз деп сылык түрдө узатып коюшат. Ошол эле күнү кечинде баланча адамдын ичинен бул жумушка сизди кабыл алдык деп сүйүнчүлөйт.

Кызыгы, калган сиз менен кезекте турган 15 адамды да ушундай кабар менен кубантат. Жайгашкан офистеринде эч кандай кадр бөлүмү, бухгалтерия, администрация жок. Келишкен кийимдерди кийип, кымбат саатты тагынып, ноутбук аркылуу сизге презентация кылымыш болуп, сизге таасир берүүгө аракет кылышат. Жумушка көбүнчө таанышы көп адамдарды тартканга аракет кылат,анткени негизги максат-товар сатуу эмес эле, жаңы мүчөлөрдүн акчасы аркылуу иерархиялык тепкичте бийиктөө.

Ошондуктан “жумушка” отставкадагы аскер кызматкерлери, пенсионерлер, мугалимдер, медициналык кызматкерлер, студенттер, мигранттар, үй кожейкелери тартылат.

Мамлекеттик кызматкерлерге да басым кылышат, анткени бирге иштегендерин тартуу аркылуу өз ишмердүүлүгүн алдыга жылдырганга кызыкдар. Кызматкерлерге эч кандай талап жоктугу да киши баласын шектендирет, анткени бул бизнес үчүн сиздин бизнестеги тажрыйбаңыз, чет тил билүүңүз, компьютер менен болгон мамилеңиз маанилүү эмес, негизгиси акчаны алып келип кошулуп, артыңыздан дагы адам тарта билүүңүз. Майыппы, сокурбу, дүлөйбү-кызыктырбайт, негизгиси адам деген номенклатурага туура келиши керек.


Номиналдуу товарларынын ичинде БАКтар (биологиялык активдүү кошулмалар) көп кездешет. Буларды миң дартка шыпаа деп, кайсы гана оруу болбосун сизге сунушташат. Аны терең ишенүү менен ичкен оорулуу, убактылуу иммунитетти көтөрүлүп, өзүн өзү сооротуп, бирок оорусу кийин кайра күчөйт. Муну жалпы дарыгерлер да баса белгилешет. Эң өкүнүчтүү болгон жагдай- кээ бир уяты жок медициналык кызматкерлер бул арам жолго кирип, өз пациенттерине керектүү дары-дармектин ордуна, бул эч нерсеге жарабаган чөп-чарын жазып беришет же өздөрү сатышат.

Студент мезгилде жогорку маалыматтуу эле бир досум башка планетадан түшкөн кристалл деп болбогон бир ташты 100 $ сатып алган. Тиши ооруса жаагына басып, ичи ооруса ичине басып мени далай күлкүмдү келтирчү.

Акыркы мезгилде тармактык маркетинг кыргыз терисин жамынып, аял кишилер кызыкчу төшөк жана жөлөгүчтөрдү товар катары колдонуп келет. Бул бизнесте товар мааниге ээ эмес, кааласаңыз бир кышты деле дарылык күчү бар деп “сата берсеңиз “ болот, болгону ынандыруу касиетиңиз күчтүү болуусу лазым.

Акыркы мезгилде тарап жаткан сейф бизнес деген желеге жоолукчан эжелерибиз жана “намазкөй” агаларыбыз кирип, бир топ ишенчээк мусулман бир туугандарыбызды алдап жаткандыгы зээнимди кейитет. Жеке мен бул тармакты 10-15 жылдан бери угуп, көрүп эле жүрөм. Жыргатып ошондон бери чындап эле байып кеткен адамды көрө элекмин. Көбүнчө эле күйүп кетиптир, соттошуп жүрөт экен, балдарынын Орусиядан жиберген акчасын салып алданыптыр дегендерди угам.

Интернет аркылуу арзыбаган миң сомдуктарды колуна кармап, бул менин жумалык пайдам деп койсо, ишенчээк кыргызым алданып калба! Кудайым бешене тер менен ырыскы таап жегенди насип этсин!

Соңку жылдары булардын желесине түшкөндөр бир топ азайганы менен, булардын ыкмалары да укмуштуудай өзгөрүп жатат. Эл арасында белгилүү ырчы, маданият кызматкерлерин, таанымал инсандар аркылуу жарнама кылууга акчасын аябай эле чачып жатат. Социалдык тармакта “жылдыздардын” үйдө эле отуруп акча тапсаңыз болот дегендери чекеден чыгат. Бул карапайым элге болгон кыянаттык деп билем.


Жаңылыктарды бир сыйра барактап, Ошто “Зекет”, Таласта “Голден Драгонс”, Нарында “Барс.kg”, Ысык-Көлдө “Саттылык” деген тармактык ишканалар элди сызга отургузуп кеткендигин байкадым. Миңдеген адамдар миллион деген акчаларын ортого салып, бирок кийин кайра чыгара албай калган. Кызыгы арасында акимиат, УКМК, ИИМде иштегендер да бар. Шылуундар кармалып, акчалар кайтарылып, алды 25 жылга чейин кесилиптир.

Балдары үй алам деген акчаны сарптап, кызынын оор операциясы үчүн топтолгон каражатын берип, акыркы үйүн сатып бул бизнеске киргендер толтура. Акыр аягында ата-эне баласы менен, куда-сөөк,тууган урук өз ара катташпай калган учурлар кездешет.

Чынжырдай болгон бул бизнесте пайданы пирамиданын эң үстүндөгүлөр көрүп, тез-тез чет өлкөгө чыгып эс алып, кымбат унааларда чалкалап, кымбат ресторанда тамактанып калганына торчулар дагы да кызыгып, аракети күчөйт. Баары ушундай жашоого жетсе болот деген адамдык напсинин каалоосуна ойноп, алдангандардын саны арбыйт. Стимул берүү үчүн арасынан бриллиант,алтын,күмүш ж.б. тепкичтер ыйгарылат.

Батыш өлкөлөрүндө көбүнчө бул нерсе менен алек болгондор “Нью Эйдж” аттуу сектанын ишенимдери менен суугарылат. Өздөрүнүн эле акчасына бир сааты доллар менен эсептелинген четтен келген коучер-тренерлер кантип байып кетүүнү үйрөтөт. Кызыгы ал апендилер өмүрүндө бир бизнес кылып көрбөгөн бечаралар. Эч кандай келишим жоктугунан, болсо да биздин жарандык кодексттерге каршы келбегендиги үчүн шылуундарды жазалоо да кыйынга турат.Көбүнесе Пушкин аксакалдын алтын балык жөнүндөгү жомогундагыдай чоң нерсени эңсеп,акыр аягында тешилген илеген менен калып калышат.


2019 жылдын 19 –февраль күнү аалымдар кеңеши тарабынан тармактык маркетинг менен алектенүү арам иш деп табылды жана тармактык маркетингтин баардык түрү (линейный, ступенчатый, матричный, бинарный, смешанный ж.б.) менен алектенүүгө тыюу салынды. Себеби иштөө усулунда бир топ арам жолдор кездешет: тобокел коркунучу, сүткөрлуктун элементи,көбүнчө товардын жоктугу, бир келишим ичинде эки келишимдин орун алуусу,кызматкер тарткандыгы үчүн бонус берилиши, мүчөлүк акы, товардын жарыяга ылайык сапатка ээ болбой калуусу, сый акынын так эместиги, катышуучулардын минималдуу санын камсыз кылуу ж.б. Орусияда православ чиркөөсү мурунтан эле бул ишмердүүлүккө тыюу салган.


Кезек эми биздин эл өкүлдөрүнө да келди деп ойлойм. Элибизди алдап, акчасын шимирип жан баккандарга жазык кодексибизде да берене каралса, бир топ карапайым элдин жашоосу тынчып, куру кыялдарга алданмак эмес. Жаныбыздагы боордош Казакстанда эл өкүлдөрү мыйзам чегинде тармактык маркетингти тыюу салууну ниет кылып жатышат. Кудайга шүгүр өлкөбүздө алгач кумарканалар, букмекердик кеңселердин ишмердүүлүгү тыйылып, бир топ үй бүлөөдө баланын ыйы менен жубайлардын чатагы кошо тыйылган эле.

Эми буларга кошуп лотерея, компьютердик оюндар,вебкам, тармактык маркетинг деген балээден элибизди мыйзам чегинде коргоп берүүсүн катардагы жаран катары суранам. Бул шылуундар эч кандай эмгек келишими жок, стаж , эмгек китепчеси деген түшүнүктөн алыс, тапкан акчасынан мамлекетке салык төлөшпөйт, төлөсө да бир патент менен иштешет, социалдык төлөмдөр чегерилбейт. Учурда туристтик агенттиктерди да тартып, сиз алгач саякаттап келиңиз, сиз аркылуу дагы бирөөлөр саякаттаса сизге бонус, упай берилет деп арам торчого баш бактыргандар да жок эмес.


Кудайым баарыбызга адал жол менен ырыскы таап жегенди насип этсин. Адал ырыскысына береке берсин! Бул маалыматты бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм.
Урматым менен, Nuriet Abdulaziz

Пикирлер
Loading...