Кыргыз жашоосун утурлай. Биздин окуяларга болгон көз карашыбыз

ПАЙДАСЫЗ МАЙРАМ , ӨЛБӨС ПОЛК, ГЕОРГИЙ ТАСМАСЫ

0 19

Адам баласы жашоосундагы белгилүү бир күндөрдү белгилейт. Мисалы баласы төрөлгөн же алгач жогорку окуу жайга өткөн күнү. Албетте кайгылуу күндөрдү да унутта калтырбайт, бирок аларды майрам даражасына чыгарбайт. Жакын тууганын жоготсо, мусулманча эскерип, Куран окуп, анын атынан сооп иштерди кылууга аракет кылат. Жаштайымдан эле 9-майды майрамдаганын түшүнбөй келем. Адамзат тарыхында 14 000 ашуун согуш болгон, демек 14 000 жеңиш күнү жана 14 000 жеңилүү күнү болгон, 365 күнгө бөлсөк 38 жеңиш майрамы туура келет. Ошол 14000 бирөөсү болгон жана 70 млн адамдын жанын алган бул кандуу согушту майрамдоо акылга туура келеби. Орустар 1812-1816 жылдагы Наполеонго каршы ата-мекендик согуштагы жеңишинин 100 жылдыгын майрамдап, 1912 жылы Николай II акыркы калган ардагерди сыйлаган соң, майрам күндөрүнүн катарынан жок болгон. Эгер ушунчалык маанилүү болсо, анда эмнеге биринчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду да эскербейбиз? Же алар адам эмеспи? Кыргыздардын тарыхында бир топ согуштар орун алган, ал күндөрдү эмнеге билбейбиз? Согуштун өзүн көргөндөр арабызда саналуу гана болуп жаткан учурда, эски жараны тырмап кайра эскере берүү туурабы?! 9 майдын культу жылдан жылга көбөйүп баратканы тынчсыздандырат. Жеңиш деген менен жеңген биз эмнеге жеттик да, жеңилген Германия менен Жапониянын абалын карап көрүңүз. Алар технологиялары менен сыймыктанып жатса, биз эски окуяларды майрамдоо менен убарабыз.

Бул акмак ата-бабаларынын рухун сыйлабас дегенге шашпаңыз, анткени менин Мамасалы уулу Жалил чоң атам 1940. жылы аскерге кетип, совет-фин согушуна катышып, андан соң Берлинге чейин жетип, демобилизация болгучакты 3 жыл Германияда жашап, 1948 жылы гана мекенине кайтып келген. Ырааматылык чоң атам тирүү болсо мени колдойт эле деп ишенем. Өз учурунда согушту эскерүүнү жана согуш тасмаларын көрүүнү каалабаган чоң атамды көрбөй калдык. Кийинки жылы жеңиштин 75 жылдыгын майрамдап туруп, эс алуу күндөрүнүн катарынан чыгарууну сунуштайм. Майрамдайм дегендер өз эсебинен, жумуштан кийин майрамдай берсин. Согуштун акыркы жылы 18-20 жашта болгон аскерлер, азыр 92-95 чыгып калбадыбы. Аларды ошол күнү миллион деген акчаны сарптап, пайдасыз аскердик парад менен сыйлоодон көрө, өмүрүнүн аягын бактылуу өткөзүүсүнө шарт түзүп берүү менимче туура болмок.


Унааларынын артына “ 1941-1945. Кайталаганга кудуретибиз жетет” деп орусча жазып алган жаштарга таң калам. Кудайга тообо деш керек, эмнени кайталайсын, согуштун кайталануусун каалайсыңбы? Аскердик форманы кийбеген, өмүрүндө курал кармабаган, көз алдында адам өлгөнүн көрбөгөн диван үстүндөгү серепчилер унчукпай эле койгону оң. Кыргыздардын тарыхында башынан өткөн согуш күнүн эскергенин эч жерден укпадым да,окубадым. Мусулман баласы катары өткөндөрдү эскерсе да, шариатка жана салтыбызга ылайык жол-жобосу бар.


Акыркы жылдары 9 май күнү “Бессмертный полк- Өлбөс полк” акциясы тимеле күч алды. Бул акциянын түбү христиан дининин православтары өткөзгөн кадимки “Крестный ход- Ача жүрүшү” деген аракетинен алынган. Бара-бара иконалардын ордуна согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан. Түпкү максатын жана тарыхын билбей туруп, биздин да коомчулук туураганга маш. Беш убак намаз окуп,оозунан Алланын атын түшүрбөгөн байкуш чоң аталарыбыз христиандарды туурап чыккан урпактарын көрүп, көрүндө бир сыйра оодарылып алса керек. Негизи акциянын аты өзү туура эмес коюлган, анткени бул ааламда Кудайдан башка баары утурумду, убактысы ченелген. Өлбөс полк деген логикага туура келбеген нерсе.

Андан башка жеңиш күнүнүн символуна айланган Георгий тасмасынын тарыхын да көбү биле бербесе керек.1768-1774 жылкы орустар менен Осмон империясынын ортосундагы согушта ханыша Екатерина тарабынан Ыйык Георгий ордени кабыл алынат. Тасмадагы кара түс- түтүндү, ал эми кызгыл сары түс- алоолонгон оттун символун чагылдырат. Башкача айтканда орус аскерлери барган жерин от менен кара түтүн каптаган. Ак падыша доорунда Орто Азиянын элдеринин көтөрүлүшүн мыкаачылык менен баскандыгы үчүн көптөгөн орус офицерлери бул орден менен сыйланган.1916 жылкы Үркүн окуясында миңдеген адамдарды өлтүргөн орус аскерлери дал ушул тасмага ээ болгон.

- оооооо -

Большевиктердин бийликке келүүсү менен бул орден керектен чыкса да, бир топ жылдан соң кайра колдонула баштаган. Бул тасма империалисттик Орусиянын баскынчы саясатынын символу катары калың элдин мээсине сиңсе да, өз аталарынын мурасын унуткан коомчулук бул тасманы сыймыктануу менен көкүрөгүнө тагып жүргөнү уят. Украинадагы сепаратисттерден көкүрөгүнөн дал ушул тасманы көрө алабыз. Негедир бул тасманы орусчул уюмдар жана орус лоббиси болгон ММКлар таркатып жатканы мени жаран катары бир тарабынан кызыктырса, экинчи тараптан кооптондурат. Прибалтика өлкөлөрүндө жана Украинада георгий тасмасын тагынууга тыюу салынган, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстандан башка көпчүлүгүндө жазылбаган тыюу мыйзамы иштейт. Бүткүл эски совет өлкөлөрү бул тасманы баскынчылык жана колониалдык саясаттын символу катары билет.


Сөзүмдүн аягында калайык калкты эртеңки күнү 500 сомго жасалган сүрөттү көтөрүп чыкпастан, анын ордуна колунда жок бир үй бүлөөгө 500 сомдук тамак-аш алып барып, “чоң атама дуба кылып коюңуз” деп айтуусуна чакырам. Кудайым согуш деген балээни элибизден алыс кылып, тынчтык насип этсин! Куралдын үнү эмес, балдардын күлкүсү гана жаңырсын.
Урматым менен, Nuriet Abdulaziz

Пикирлер
Loading...