Кыргыз жашоосун утурлай. Биздин окуяларга болгон көз карашыбыз

ЭКИ ДИРХАМГА КЫЗЫН БЕРГЕН ААЛЫМ

0 22

Күндөрдүн биринде Омейяд династиясынан чыккан халиф Абд аль Малик ибн Марван (646-705ж) ажы сапарын аткарууну жана Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мединадагы мечитин зыярат кылууну чечет. Өтө чоң кербен Дамасктан сапарга чыкты. Амирлер жана ханзаадалар, акимдер жана аскербашчылар, аалым адамдар жана хансарай кызматкерлери халифти коштоп баратышты. Ар токтогон сайын чатыр тигилип, анын ичинде халиф мамлекет иштерин талкуулап, аалымдардын насаатын угуп жана ажылыктын жөрөлгөлөрүн аткарып жатты.


Ошентип,аста секин шашпай халиф Пайгамбарыбыздын(ага Аллахтын салам-салаваты болсун) шаарына да кирип келди.Ал Аллахтын Элчисинин мечитин зыярат кылып, Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун),анын улуу сахабалары Абу Бакр жана Умардын (Жараткан алардан ыраазы болсун) кабырдагы рухтарына тынчтык тилеп,пайгамбарыбыз окуган жерде намаз окуп, жүрөгүндө тынчтык жана ырахаттануу түнөк тапканын сезип, өз ак ордосуна жол тартты.


Ким гана бул шаарга келип,аны жактырып,дили менен сүйгөн сымал, халиф да бул шаарды сүйүп калды. Медина-илимдин жана диндин борбору,ал өзүнчө руханий атмосферага ээ, жашоочуларынын өзгөчө адамгерчилиги менен айырмаланат эмеспи. Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) улуу сахабалары бул шаарда жашап,аркасынан алардын ишин уланткан бир топ улуу аалым адамдарды тарбиялашкан.


Кийинки күнү халиф түштөн кийин уйкудан туруп,көңүлү көтөрүнкү абалда Майсара аттуу кулун чакырды да:
-Майсара, мечитке барып аалым адамдардын бирөөсүн жетелеп келчи, маселе-маани уккум келип жатат,-деди.
Майсар мечитке келип, эч кимди таппайт, анткени түштөн кийин уктоо убактысы эле. Мечиттин кире беришининде жашы алтымышка жакындаган аксакалды бир топ окуучулардын курчоосунда отурганын гана байкайт. Баары анын оозун тиктеп, сүйлөгөнүнө кулак төшөп жатышты.


-Эй,аксакал, менин атым Майсар. Халифтин кызматчысы болом,бери келчи, -деп колу менен тиги аксакалды чакырат.
Бирок аксакал бул жигиттин адепсиздигине таң калып, жооп да бербеди. Майсар мечитке кирип,ызаланган абалда жанына жакын келүүгө мажбур болду.


-Мен сени чакырып жатканымды укпай жатасынбы,ыя?Жүрү мени менен, халиф бир нерсе уккусу келип жатат.Батыраак кыймылда!!!
-Эгер халиф илим алууну кааласа,анда бул жерге келип эл катары отурсун,баарына орун жетет,уулум! Билип кой,билим өзү келбейт, тескерисинче билимге умтулуп,аны ээрчү керек,ошондо гана ал баалуулукка ээ болот.
-Сенин айтканыңды жеткизем, эч кам жебе,-деп жинденип Майсар кекете сүйлөп, ал чогулуштан чыгып кетти.


Майсардын жалгыз келе жатканын көрүп, халиф таңыркай суроо узатты:
-Бул шаарда эмне бир да аалым калбаптырбы ? Же сен, Майсар, барбай койбодуңбу???
-Жок,өкүмдарым, бардым! Чындап эле бир аксакалдан башка эч ким жок экен, бирок ал да келүүгө макулдук бербеди, жана илим керек болсо, өзү келсин деди.
Халифтин бети анардай кызарып:
-Ушул адамды чакырбай эле койбоптурсун, ал деген Саид ибн Муссайиб да,-деп сүйлөнүп, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
-Халифтин өкүмүнө баш ийбеген жашоодон тойгон кайсыл неме экен ал өзү?-деп халифтин кичүү уулу бакырып кирди.
-Биздин атабызга, болочок халифке өз кызын бербеген киши го ал, -деп жооп узаткансыды Абд аль Маликтин ортончу уулу.
-Эмне?Болочок халифке кызын бербеди дейсиңерби? Дүнүйөнүн баары биздин колубузда болсо, өз кызын башка кимге ыраа көрдү экен?? Бирөө жарымды таба алдыбы ал кеңкелес?
-Тапты жана кызын ал балага турмушка узатты, -деп маекке өз сөзүн кошту Мединанын акиминин уулу.
-Ким экен ал бактылуу? Индиянын ханзаадасыбы же Кытай императорунун уулубу?
-Жок, шаардагы жөнөкөй эле жигитке берди, мен аны жакшы тааныйм, экөөбүз бир айылдан болобуз.
-Анда, бизге ал жөнүндө баяндап берчи! -деп кызыга сурашты ханзаадалар.
-Бул окуяны ал өзү мага баяндап берди. Бул жаңылык али борборго жете элегине тан калып жатам. Анда уккула, анын аты Абу Вадага:

- оооооо -

“Мен Саид аттуу аалым адамдан сабак алчуумун, жана ал мага өзгөчө мамиле жасачу. Күндөрдүн биринде менин аялым көз жумуп, сабакка катыша албай калдым. Бир топ күн сабакка бара албадым. Көпкө үйдө отурдум, устазым башка бирөөлөрдөн менин таалимге келбей жаткандыгымды себебин сурап жатты. Бир күнү чыгынып, сабакты улантууну чечтим. Сабакта эч нерсе өзгөрбөгөнүн сездим, болгону устазым мурдагыдан да жылуу учурашты. Акыбалымды, ден соолугумду сурады. Мен өз кайгым жөнүндө бөлүштүм, муну уккан соң ал мени тилдеди:
-Эмнеге бизге кабарлабадың? Биз сага жардам бермекпиз, жана жаназага катышмакпыз.
-Жазаккалоху хайран, устаз! Силерге оорчулук келтиргим келбеди.
-Макул анда,сабакты уланталы, бирок сабактан кийин дароо кетип калба. Сүйлөшө турган сөз бар.


Сабак да бүттү, окуучулардын баары кеткиче сабыр кылып, күтүп отурдум. Баары кеткен соң, устазым мен тарапка бурулуп, мындай деди:
-Сен али жашсын,экинчи жолу үйлөнүүнү ойлондуңбу?
-Эх,мага ким кызын бермек эле? Валлахи, чөнтөгүмдө эки дирхамдан башка акчам жок. Дагы көптөгөн убакыт үйлөнүү жөнүндө ой болбос го менде.
-Мен берем өз кызымды сага.
Эмне дешимди да билбей, оозума келме келбей калды. Өзүмө келгиче,Саид нике кыйуу үчүн эки-үч күбөнү чакырды.


-Сиз менин абалымды билип туруп өз кызыңызды мага берип жатасызбы?
-Албетте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Эгерде алдыңарга кулк-мүнөзү жана диндарлыгы силерге жаккан адам келсе, кызыңарды бергиле», — дебеди беле!? Мен сени таанып-билем, сенин кулк-мүнөзүң, диндарлыгың менин купулума толуп турат. Ушул экөө мага жетиштүү. Мен, Саид ибн Муссайиб, өз кызымды Абу Вадагага калыңын эки дирхамга баалап берүүгө ыраазымын. Сен ыраазысыңбы? -деп сурады.
-Ыраазымын, -деп сүйүнө жооп бердим, күбөлөр күбөлүккө өтүп, баарыбыз ордубуздан туруп кеттик. Эмне болгонун өзүм дана түшүнбөй үйгө жөнөдүм.


Бул күнү орозо туткан элем, бирок орозону да, башкасын да унутуп коюптурмун. Отуруп алып, өзүмө өзүм суроо берип жаттым: «Эх, Абу Вадага! Чөңтөгүңдө бир тыйынын жок үйлөнүп алдың, эми эмне кыласың? Ким сага карызга акча берет? Мединанын эң чоң аалым жана анын кызы менен кантип жашайсың?»
Шам намазга азан айтылып, оозумду ачтым да, намазымды окудум. Андан соң эми гана кара нанымды тиштегенимде бирөө эшикти тыкылдатты:
-Ким бул?
-Саид…


Мен баардык тааныган Саидтерди эстеп, бирок бул менин устазым экени оюма да келбептир. Анткени анын акыркы кырк жылдык жашоосу бир гана маршрут менен өткөн эле: үй-мечит-үй. Өмүрүндө бир гана жолу намазга кечигип, элдин баары мечиттен кайтып жатканын көрүп: «Кырк жыл биринчи такбирге кечикпей, бүгүн болсо бир бүтүн намазга кечиктим» деген экен жарыктык.


Эшикти ачтым, алдымда исламий аалым жана имам Саид ибн Муссайиб турат эле. Менин оюма дароо бир ой келди, балким ал өз кызын мага берүүдөн айныгандыр деп, дароо: «Мени чакырсаңыз сизди убара кылбай өзүм бармакмын» дедим.
-Бүгүн сенин күнүң. Жана сенин алдыңа адамдардын келүүсүүнө татыктуусуң. Мен ойлонуп көрсөм, менин кызым- сенин аялын эмеспи, аны бул түндү жалгыз өткөзүүсү туура эмес. Мына аны алып келдим. Кош, тосуп алчы!


Ал бурулуп туруп:
-Күйөөңдүн үйүнө кир!- деп кайрылды.
Ошондо гана мен Саидтин артында турган караанды көрүп, тизелеримди калтырак басты.


Ал кызын үйгө киргизип, өзү дароо кетип калды. Менин аялым уялуудан орун таппай жатты, мен болсо үйдүн тамынын үстүнө чыгып, коңшуларды чакыра баштадым. Алар үйлөрүнөн чыгып, эмне болуп жаткандын чоо-жайын сурай башташты.


-Саид ибн Муссайиб өз кызын мага никелеп берди жана үйгө алып келди, аялдарыңарды чакырып, үйдү жыйноого жана мен апамды чакырып келгиче, келин менен бирге отуруп туруусу үчүн жөнөткүлө.
-Акылдан аздыңбы? Саид сага өз кызын бердиби? Сен кара курсагыңды араң багып жатсаң, ал халифтин уулуна бербеген кызын сага бермек беле.
-Ишенбей жатасыңарбы? Валлаhи, Аллахтын ысмы менен кассам ичип айтам, ал никелеп берди жана ал кыз менин үйүмдө отурат. Аялдарыңарды жөнөтүп, менин сөзүмдүн ырастыгына ынангыла.


Мен апамды чакырып келген соң, ал мага:
-Үч күн кайда барасың-өзүң бил, бирок үч күнгө чейин сен өз келинчегиңди көрбөйсүң, мен нике түнүнө даярдык көрөйүн!-деп үйдөн чыгарды.
Үч күндөн кийин, мен келинчегимдин бөлмөсүнө кирип, ал абдан келишкен перидей сулуу жана ошол эле мезгилде диний маалыматтуу кыз экенин байкадым. Ал Куранды жатка билген жана аялдык милдетин эң мыкты таризде аткарган аял болуп чыкты. Бир топ күндөн кийин Саид бизге өз кызматчысын, өгүзүн жана 20 000 дирхамды белек катары жиберди. Мен бир айга жакын сабакка барбадым. Ал да биздикине келген жок.


Бир айдан соң мен сабакты уланттым. Таалим бүткөн соң, Саид мага суроо узатты:
-Аялың кандай экен?
-Дос сүйүнө турган, душман көрө албай турган даражада, -деп кубана жооп бердим.
Устазым азыркыга чейин өз жардамын бизден аябай келет.»


Ушул окуяны мен Абу Вадаганын өз оозунан уктум,-деп акимдин уулу окуясын аяктады.
-Керемет окуя экен! Кызык!
-Эмнеси кызык? Ал өз кызын байлыктын, мансаптын торунан куткарды. Халифтин уулуна бергенде диний илим алууга ал кыздын мүмкүнчүлүгү болмок эмес да. Анын баардык убактысы кийим-кече, тагынчактар, конокторду узатуу, хансарай ушактары жана оюндары менен чектелмек. Хансарай жашоосу өзүнүн жаман тарабы менен да айырмаланат, -деп жыйынтыктады өз сөзун акимдин уулу.
-Баса, Саид ибн Муссайиб өзү да Абу Хурейранын (Аллах андан ыраазы болсун) кызына үйлөнүп, өз кайнатасынан хадис илимин үйрөнгөн. Анткени Абу Хурейра-пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көрүнүктүү сахабаларынын бири болгон эмеспи. Саидтин үй бүлөөсү илимдин баасын билүүчүлөрдөн.
-Ооба, туура айтасыз, илим ээсин ошол алган илими коргойт эмеспи, ал эми бай адам өз байлыгын коргоосу шарт.
Икаяны которгон,Жараткан Аллахтын алсыз кулу, Nuriet Abdulaziz

Пикирлер
Loading...